Кызы каза болгон эне: "Кызымдын кайын журту күнөөлөй электе эле актанып чыкты"

61 Просмотры
Издатель
19-сентябрь күнү Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарындагы үйлөрдүн биринен 1997-жылы туулган Медина Нурлан кызынын асынган абалдагы жансыз денеси табылган. 20-сентябрда Токмок шаарында соттук-медициналык экспертиза жасалып, андан соң жансыз денесин туугандары Нарын облусуна алып кетишкен. SUPER.KG порталы буга чейин тарткан репортажда келиндин кайненеси менен жолдошунун айткан сөздөрү чындыкка дал келбей турганын маркумдун апасы Гүлзат Турсуналиева айтат.

Категория
чиллеры
Комментариев нет.